Жакында Бакен Кыдыкееванын чыгармачылыгына арналган тарыхый сериалы чыгат – ИА Караван Инфо
Жакында Бакен Кыдыкееванын чыгармачылыгына арналган тарыхый сериалы чыгат

Жакында СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, таланттуу актриса, театр жана кино чебери Бакен Кыдыкееванын өмүр таржымалына, чыгармачылыгына арналган “Талант жана тагдыр” тарыхый сериалы жарыкка чыгат. Мындай жагымдуу жаңылык менен “Кыргызсериал” бирикмесинен бөлүштү

Сериалдын көркөм жетекчиси Жаныш Кулмамбетов, режиссеру Тынчтык Акималиев.

Сериалда Бакен Кыдыкееванын балалык чагы, театрга болгон алгачкы кадамдары баяндалат.

Кичине кезинен актриса болууну дегдеген, он үч жашка эми гана чыккан, жети класс билими бар Бакен, жаңыдан уюшулган жаш көрүүчүлөр театрына сыноодон өтүп ишке орношуп алат. Аны уккан атасы каршылык көрсөтүп, Бакенди театрдан кетүүгө мажбурлайт. Айласы кеткен өспүрүм иштен кетүү үчүн арыз жазганы театрга барат.

Театрдын режиссёру Самарин-Волжский Бакенди көрө салып эле, “Жаңы спектаклде башкы ролду – Лауренсияны ойнойсуң” деп, Лопе де Веганын “Койлуу булак” драмасын колуна карматып коёт. “Жок” деп кесе айта албаган жаш кыз, айласы жок режиссёрдун айтканына көнүп, ата-энесинен жашырынып, репетицияга катышып жүрүп спектаклдин премьерасында ойнойт. Спектакль көрүүчүлөргө абдан чоң таасир калтырып, Бакендин аты калың журтка тааныла баштайт. Эми бул бери эле жагы.

Башкы ролдордо: Жаңыл Султангазиева, Шекербек Абдыкадыров, Кенжегүл Төлөкова, Света Абдыкадырова, Айдос Батыркулов ж.б.

error: