Жала-Абад облусунун башчысы кесипке багытталган кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштурууну тапшырды – ИА Караван Инфо
Жала-Абад облусунун башчысы кесипке багытталган кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштурууну тапшырды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев кесипке багытталган кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштурууну тапшырды. Бул багытта ал облустун 2024-жылдагы жыйынтыгы, 2025-жылга коюлган пландарды каралган коллегияда айтты.

Ыйгарым укуктуу өкүл облустун социалдык-экономикалык, турсттик потенциалын жогорулатуу үчүн “Бекмамат Осмонов” атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Сузак районундагы №36 кесиптик лиейинин базасында кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштурууну тапшырды.

Өкүл облуста курулушу башталган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, 2025-жыл “Жалал-Абад эл аралык аэропортунун” курулушу башталаарын эске салып, алдыдагы убакытта бул багыттагы адистерге болгон муктаждык жаралаарын белгиледи.

Ага катар келген туристтерге жана элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүүчү адистерди даярдоону эскертти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: