Жалал-Абад облусунда 2024-жылы 2,2 миң ишкана ачылган
Жалал-Абад облусунда 2024-жылы 2 миң 243 ишкана ачылып, анын эсебинен 4 миң 909 жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Бул тууралуу облустун 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалын караган коллегиялык жыйында айтылды.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 841 ишканага көп.
Коллегияда белгиленгендей, 2024-жылы Жалал-Абад облусу боюнча 56 млрд 742 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи 112,4% камсыздалган. Жалпы республиканын көлөмүнөн облустун үлүшү – 9,7 пайызды ээлеген.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/