Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүү боюнча жергиликтүү бийлик органдарындагы коррупциялык фактылар аныкталды.
Белгиленген маалыматтар боюнча 2004-2022-жылдар аралыгында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жана Ала-Бука районунун жер ресурстары кызматынын филиалынын (мурда Кадастр) жооптуу кызматкерлери жалпы пайдалануудагы жерлерге (автобекеттин аймагы жана башкалар) жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды, б.а. социалдык объекттерди беришкен, бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келет. Аталган жерлердин жалпы аянты 1,20 га.
Мындан тышкары Кыргызтелеком ААКнын жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн ички буйругу менен жеке жактарга жер тилкелерин берип жатканы аныкталган. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан трансформацияланбаган жерлерден жер тилкелерин бөлүп берүү чечими кабыл алынган.
Кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке олуттуу зыян келтирилген. Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси “Коррупция” боюнча кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жана Кыргызтелеком, Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Ала-Бука филиалынын, мурдагы жана азыркы 9 кызматкери кармалды.
Алардын бардыгына айыбы угузулуп, соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынган.
Тергөө иштери улантылууда. Жалпы баасы 35 миллион сомдон ашкан бир нече жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды, анын ичинде автобекеттин жана почтанын имараты жайгашкан жер тилкелери да бар.
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча дагы башка аныкталган фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/