Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды – ИА Караван Инфо
Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. 

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 12-январда саат 23:36да катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Силкинүү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде, Чангет айылдарында 3 баллга, Ак-Терек айылында 2,5 баллга, Токтогул районунун Ничке-Сай айылында 2,5 баллга, Ош облусунун Өзгөн районунун Кыргызстан, Калта айылдарында 3 баллга (Кыргызстан айылынан 3 чакырым түштүк батышта, Калта айылынан 5 чакырым түндүктө, Чангет айылынан 5 чакырым түштүк чыгышта, Ничке-Сай айылынан 7 чакырым түндүк батышка) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: