Жалал-Абад шаарында турак үйдөн өрт чыкты
Жалал-Абад шаарынын Шопоков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кырсык 2-февралда катталган.
Жерине жалпы эки күжүрмөн эсеп тартылып, жалын саат 15:42де толугу менен өчүрүлдү.
Жабыркагандар жок, өрттүн себеби такталууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/