Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан “Жалал-Абад жылуулук” муниципалдык ишканасына пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын 10 көмүр жана мазут менен иштөөчү отканаларында чаң-газ тазалоочу орнотмолор (ПГУ) орнотулбаган жана отказандардын моорунан атмосферага булганыч заттардын көп өлчөмдө чыгып жатканы аныкталды.
Жыйынтыгында КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 230-беренесине ылайык, ишканага 28000 сом өлчөмүндө административдик айып салынды.
Текшерүү акты түзүлүп, экологиялык нормаларды сактоо үчүн 6 пункттан турган тийиштүү эскертүүлөр берилди.
Мындан тышкары, аталган ишкана кызматкерлерине өнөр-жай жана техникалык коопсуздук талаптарын так сактап иштөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/