Жалал-Абадда мыйзамсыз балык уулоого каршы текшерүү иштери күчөтүлдү – ИА Караван Инфо
Жалал-Абадда мыйзамсыз балык уулоого каршы текшерүү иштери күчөтүлдү

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен облус аймагындагы суу сактагычтарда мыйзамсыз балык уулоого каршы текшерүү иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан 2024-жыл ичинде балык запастары боюнча 12 жарандан 41 миң 203 сом өлчөмүндөгү айып пул өндүрүлгөн.

Мындан сырткары, 47 жеке жана юридикалык жактардан 104 миң 500 сом айып пул алынган.

Ушул жылдын 20-январына чейин Токтогул суу сактагычында жүргүзүлгөн рейд учурунда 2500 метр синтетикалык торлор чогултулуп, жокко чыгарылды. Ошондой эле үч жаранга айып пул салынды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: