Жалал-Абадда мыйзамсыз кѳмүр кенин казып жаткан үч учур аныкталды
Мыйзамсыз кѳмүр кенин казып жаткан үч учур аныкталды, деп кабарлайт Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрда Аксы районуна караштуу Ак-Моло участкасына ыкчам иш-чара жүргүзүлүп, жыйынтыгында эч кандай уруксат берүүчү документи жок кѳмүр кенин казып жаткан үч учур аныкталган.
Инспекторлор тарабынан КРнын Укук бузуу жөнүндөгү кодексинин 243-4 беренесинин негизинде укук бузуу протоколу түзүлүп, токтом жазылып 22 миң 500 сом айып салынып, кеӊ казуу иштери токтолду.