Жалал-Абадда Регионалдык Олимпиадалык резерв мектеби ачылды – ИА Караван Инфо
Жалал-Абадда Регионалдык Олимпиадалык резерв мектеби ачылды

Жалал-Абад шаарында Регионалдык Олимпиадалык резерв мектеби ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Мектеп эл аралык мелдештерде жана Олимпияда оюндарына Кыргызстандын намысын коргоп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар жогорку квалификациялуу спортчуларды даярдашы пландалууда.

Мектепте төмөнкү спорттун түрлөрү боюнча дардыктар жүргүзүлөт: 

Жаңы окуу жай заманбап машыгуу залдары, спорт аянтчалары жана теориялык сабактар үчүн класстар менен жабдылган.

Мындан тышкары, спортчулар үчүн мектептин базасында медициналык кабинеттер уюштурулган.

Мектепте спортчулардын физикалык даярдыгынан тышкары, психологиялык, ошондой эле ден соолук жана туура тамактануу маселелерине да өзгөчө көңүл бөлүнөт.

Окуу программасы эң мыкты жыйынтыктарга жетүү үчүн бардык жагынан толук даярдыкты камсыздоого багытталат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: