2025-жылдын 17-январь күнү Жалал-Абад шаарында волейбол боюнча кезектеги турнири өттү. Аталган турнир ИИМдин Атайын багыттагы полкунун түзүлгөндүгүнүн 11 жылдыгына карата жана 2004-жылы кызмат учурунда каза болгон ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкери милициянын полковниги Байгазы Ниязалиевдин жаркын элесине арналып уюштурулду.
Турнирге жаштар жана 40 жаштан жогорку категориядагы ИИМдин командасы катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында жаштар арасында: 1-орун ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командасы, 2-орун ИИМдин Ички аскерлер командасы жана 3-орун Жалал-Абад ОИИБдин командасы ээледи.
Ал эми, 40 жаштан жогоркулар арасында: 1-орун Жалал-Абад облусунун волейбол федерация командасы, 2-орун Жалал-Абад ОИИБдин командасы жана 3-орун ИИМдин “Динамо” командасы татыктуу болушту.
Байгелүү орундарды алган командалар дипломдор, кубок жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Эскерте кетсек, аталган турнир быйылкы жылы 11 жолу уюштурулуп жатат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/