Жалал-Абадда жер титирөө катталды – ИА Караван Инфо
Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. 

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 30-сентябрда саат 15:25те катталып, очуганда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жетиген, Чалдыбар айылдарында 2,5 баллга (Жетиген айылынан 8 чакырым түштүктө, Чалдыбар айылынан 9 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

error: