Ош облусунда аңчылык эрежелеринин сакталуусу жана браконьерликти алдын алуу боюнча эс алуу күндөрү рейд жүрдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 6-январда Кара-Суу районунун Кызыл-Суу жана Өзгөн районунун Мажунус участкаларында атайын текшерүүлөр жүргүзүлгөн.
Рейддин жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында аңчылык кылуу эрежелери жөнүндөгү 143-токтомунун 31-45-пункттарын бузган 6 жаран аныкталып, КР Укук Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 6 протокол түзүлдү.
Мыйзам бузуучулардын ар бирине 12 500 сомдон, жалпы 75 000 сом айып салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы табигый ресурстарды коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы иш аракеттерин улантат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/