Жарандардан ЖКККББнын ишеним номуруна 7 ай аралыгында 34 511 кайрылуу келип түшкөн.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 2024-жылдын жылдын 21-майынан тартып, жарандардын кайрылууларын түз кабыл алуу үчүн (0777) 102-102 ватсап номурун ишке киргизип, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берип келүүдө.
Бул ишеним номуру ишке киргенден тартып, жол эрежесине кайдигер карабаган жарандарыбыз көчөдөгү жол эрежелерин бузуу фактылар боюнча 34 511 кайрылуу жөнөтүшкөн.
Алырдын ичинен:
Жарандардын жөнөткөн сүрөт видеолору боюнча жол эрежелерин бузган айдоочулардын көпчүлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында катталууда.
Бул ишеним номуру аркылуу ЖКККББгы коомчулук менен тыгыз байланышта болуп, жол тыгындарынын жана жол кырсыктарынын алдын алууда ыкчам жана натыйжалуу болууда. Ошондой эле жарандар ЖКККББнын ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирүүдө.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежелерине кайдигер карабаган жарандарга терең ыраазычылыгын билдирет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/