Жаратылыш ресурстары министри Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн жана жаратылышын  коргоо жаатындагы жетишкендиктер тууралуу айтты – ИА Караван Инфо
Жаратылыш ресурстары министри Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн жана жаратылышын  коргоо жаатындагы жетишкендиктер тууралуу айтты

Ал белгилегендей, өлкөдө өзгөчө корголуучу аймактардын аянты кеңейтилип, жапайы жаныбарлардын популяциясын калыбына келтирүү жана жоголуп бара жаткан жаныбарларды коргоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

“Бак-дарактарды мыйзамсыз кыюуга каршы күрөшүү жана калдыктарды башкарууну жакшыртуу үчүн биз айлана-чөйрөнү коргоо чараларын, анын ичинде мониторингди жана көзөмөлдү күчөттүк. Бул иш-чаралар Кыргызстандын экологиялык кооздугун сактап калууда өтө маанилүү», – деди ал.

Машиев өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана эл аралык каржы институттарынын баа жеткис колдоосун белгиледи. Айтымында, анын аркасында министрлик техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулаткан жана климаттын таасири боюнча маалыматтарды чогултууну жакшырткан, ошондой эле аялуу аймактарда адаптациялоо боюнча маанилүү иш-чараларды каржылоого жетишкен.

Сөзүнүн соңунда министр Борбор Азияда гана эмес, дүйнөлүк деңгээлде биргелешкен иштерди улантууга чакырды.

Белгилей кетсек, конференция КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан ПРООН менен биргеликте өткөрүлдү.

error: