Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматында (ЖАК) Япониянын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Сапардын максаты – укуктук жана пенитенциардык маселелер боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болду.
Биринчи орун басары Кемел Садыков, конокторду Жактын ишмердүүлүгү, реформанын негизги багыттары жана акыркы жылдардагы жетишкендиктери менен тааныштырды. Ал Кыргызстандын жаза аткаруу системасында соттолгондордун шарттарын жакшыртууга, алардын укуктарын коргоого, ошондой эле санариптик технологияларды киргизүүгө жана пенитенциардык инфраструктураны модернизациялоого багытталган реформалардын маанилүүлүгүн белгиледи.
Сөз кезегинде жылуу Жапон тарап кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Рета Татемото белгилегендей, сот тармагындагы биргелешкен изилдөөлөргө даярдыктын бир бөлүгү экекндигин жана бул сапар келерки жылы Японияда өткөрүлүшү пландалган айтып өттү.
Ошондой эле коноктор мекемелердин ишин күнү-түнү көзөмөлдөп турган ЖАКтын мониторинг жана талдоо борборуна барышты. Делегация борбордун техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана 2025-2028-жылдарга санариптештирүү планынын алкагында ишке ашырылып жаткан санариптик трансформация процесстери менен таанышты. МТБББдан тышкары коноктор ЖАКтын музейине экскурсия жасашты.
Белгилей кетсек, буга чейин эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Ага ылайык, 2025-жылы өз ара байланыштарды бекемдөө жана тажрыйба алмашуу үчүн КР Юстиция министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн Японияга иш сапары белгиленген.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/