Жээнбек Кулубаев ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат – ИА Караван Инфо
Жээнбек Кулубаев ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2024-жылдын 28-ноябрында Астана шаарында өтө турган ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин биргелешкен отурумуна катышат. 

Отурумда ЖККУнун жоопкерчилик зонасындагы аскердик-саясий абалды жана Уюмдун сессия аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүн талкуулоо пландаштырылууда.

Биргелешкен жыйындын катышуучулары ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизилип жаткан Уюмдун алкагында кызматташтыкты мындан ары бекемдөө боюнча бир катар документтерди жактырышмакчы.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: