ЖК Искендер Гаипкуловду БШКнын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотту – ИА Караван Инфо
ЖК Искендер Гаипкуловду БШКнын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотту

Жогорку Кеңештин жыйынында Искендер Гаипкуловду Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды.

Аталган маселе боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Искендер Гаипкуловду ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту.

Булак: https://caravan-info.kg/

error: