ЖК комитети «КРнын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карады – ИА Караван Инфо
ЖК комитети «КРнын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карады

Бүгүн, 13-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. 

Экономика жана коммерция министринин орун басары Гюльшат Асылбаева белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты фондулук рынокту жана анын санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүгө дем берүү, керектөөчүлөрдүн жана инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо, финансылык ресурстарды тартуу жана аларды жана аманаттарды инвестицияларга трансформациялоо боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү алууда экономиканын реалдуу секторунун жана өлкөнүн калкынын керектөөлөрүн канааттандырган банктык эмес финансылык рыноктун туруктуу жана натыйжалуу иштешине жетишүү болуп саналат.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Эмил Токтошев мыйзам долбоору боюнча фондулук рыноктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкуу жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Депутат Камила Талиева баалуу кагаздарды сатып алуу маселеси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгилеп, ички аудиторду дайындоо тартиби тууралуу суроолорду берди. Депутат Надира Нарматова фондулук рынокту жана анын санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүгө дем берүү, калк арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу маселелерине көңүл бурду. Депутат Дастан Бекешев жеке инвестициялык эсептерди салыктан бошотуу маселесин көтөрдү. Депутаттар Айсаракан Абдибаева, Султанбай Айжигитов баалуу кагаздарды өнүктүрүү жаатындагы бир катар маселелерге көңүл бурушту.

Мындан тышкары, комитетте «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» жана «Кыргыз Республикасында улуттук санарип валютанын – санарип сомдун укуктук статусу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору каралып, биринчи окууда колдоого ээ болду. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: