Бүгүн, 20-январдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда «Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Демилгечилер – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Дастан Бекешев жана Эльвира Сурабалдиева.
Демилгечилердин бири депутат Дастан Бекешев белгилегендей, мыйзам долбоору ТЖЭШ (турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктештиги) башкармалыгынын курамына шайланган адамдарга карата талаптарды белгилөөнү сунуштайт, ошондой эле алар кварталдык жана үй комитеттерине да тиешелүү.
Алсак, Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 232 токтому менен бекитилген «Бишкек шаарындагы кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө» жобого ылайык кварталдык жана үй комитеттери төмөнкүдɵй талаптар болушу керек: Кыргыз Республикасынын жараны; 18 жаштан жаш эмес; аракетке жөндөмдүү; соттуулугу жок; үй комитетинде же кварталда иштеген аймакта каттоосу жана жашаган жери.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Надира Нарматова ТЖЭШ башкармалыгынын курамына шайланып жаткан адамдарга калк менен иштешкендиктен жогорку билимге ээ болуу талабын сунуштады. Депутат Камила Талиева ТЖЭШтин финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө да өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Депутаттар Жумабек Салымбеков, Шарапаткан Мажитова мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан ченемдерди колдоп, ага өз сунуштарын киргизишерин белгилешти.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/