Жогорку Кеңеште «Долинка» жана «Речная» подстанцияларын реконструкциялоо долбоору каралды – ИА Караван Инфо
Жогорку Кеңеште «Долинка» жана «Речная» подстанцияларын реконструкциялоо долбоору каралды

Бүгүн, 30-январдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында “2024-жылдын 10-июнунда Вена шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Долинка” подстанциясын модернизациялоо жана “Речная” подстанциясын реконструкциялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Долинка” подстанциясын модернизациялоо жана “Речная” подстанциясын реконструкциялоо долбоору) ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды. 

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы. 

Жыйында баяндама жасаган Энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, 110 кВ «Долинка» жана 35 кВ «Речная» подстанцияларын модернизациялоо боюнча аталган долбоор күч трансформаторлорунун жалпы кубаттуулугун 108 МВАга көбөйтүү менен Ысык-Көл жана Ош облустарындагы абоненттерди электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн кыйла жогорулатат, ошондой эле жаңы абоненттерди улуттук электр тармактарына кошууга мүмкүндүк берет.

Анын айтымында, долбоордун жалпы баасы 14 миллион еврону түзөт, анын ичинен: 9 миллион евро кредит түрүндө; 5 миллион евро инвестициялык грант түрүндө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: