Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун кеңейтилген жыйыны өттү.
Алгач жумушчу топтун жетекчиси, депутат Чингиз Айдарбеков бүгүнкү иш-чара 2024-жылдагы негизги жетишкендиктерди талкуулоого жана 2025-жылдын приоритеттерин жана стратегиялык пландарын аныктоого багытталганын айтты.
Андан соң сөз сүйлөгөн БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасынын Туруктуу координатору Антье Граве белгилегендей, 2024-жылы Кыргызстан олуттуу прогресске жетишип, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруунун натыйжалуулугу боюнча 45-орунду ээледи. Ошону менен бирге баяндамачы туруктуу социалдык өнүгүү жана социалдык инклюзияны камсыз кылуу маселелерине көңүл буруу керектигин кошумчалады.
Муну менен катар Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева репродуктивдүү жана энелердин ден соолугун камсыз кылуу темасында баяндама жасап, акыркы жылдары Кыргызстанда бул багытта бир топ жылыштар бар экенин айтты.
«Энелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрү туруктуу төмөндөө тенденциясын көрсөтүүдө. Алсак, энелердин өлүмү 2012-жылы 60,4 учурдан 2024-жылы 30,5 чейин кыскарган, ал эми ымыркайлардын өлүмү 25,6%га кыскарды», – деди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/