Жогорку Кеңештин депутаттары Беларустагы президенттик шайлоого байкоо салышты – ИА Караван Инфо
Жогорку Кеңештин депутаттары Беларустагы президенттик шайлоого байкоо салышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Эл аралык байкоочулар миссияларынын курамында Беларусь Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу КР ЖКдан кабарлашты. 

Алсак, КМШ ПААнын эл аралык байкоочулар курамына Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Сыдыков, Бахридин Шабазов, Алтынбек Кылычбаев кирди. Ал эми ЖККУ ПАнын эл аралык байкоочулар тобуна – депутаттар Улукбек Ормонов, Алишер Эрбаев, Эльмурза Сатыбалдиев. Депутаттарды Жогорку Кеңештин КМШ ПАА, ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев коштоп жүрдү.

Эл өкүлдөрү Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Игорь Сергеенко, Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова, Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Игорь Карпенко жана талапкерлер менен жолугушту. Муну менен катар Жеңиш эстелигине гүлчамбар коюу аземине катышты.

Белгилей кетсек, КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын Эл аралык байкоочулары шайлоо участокторуна барып, 2025-жылдын 26-январында өткөн добуш берүү процессине байкоо салышты. Бул күнү Минск шаарында 701 участок, ал эми бүткүл өлкө боюнча 5325 участок иштеди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: