Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Дастанбек Жумабеков Марат Мураталиев шайлоочулар менен жеринде иш алып баруу жумалыгынын алкагында Талас облусунун Ч.Айтматов районунун Аманбаев, Шекер айыл өкмөттөрүнө караштуу, Маймак, Шекер, Кайнар, Арчагүл, Суулу-Маймак, Сатыкей, Ак-Жар, Көк-Сай айылдарынын тургундары менен жолугушту.
Эл өкүлдөрү 2024-жылы аткарылган иштерге токтолуп, анын ичинен титулдук тизмеге киргизилген билим берүү мекемелери, бала-бакча, оорукана жана ички жолдордун курулушу боюнча маалымат беришти. Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар Казакстан Республикасы менен чектешкен айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, анын ичинен Маймак айылында жумушчу орундарды түзүү жана Бишкек – Москва багыты боюнча темир жол каттамына “Маймак” станциясын дагы кошуу сунушун беришти. Ошондой эле, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттери менен чектешкен, Ой-Кайың жайлоосун жайкысын жайыт катары убактылуу пайдаланууга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу шарт түзүп берүүсүн билдиришти.
Азыркы учурда, жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү маселелеринин бири болгон Казакстан аркылуу келген газ түтүкчөсүнөн айылдарды газдаштыруу сунушун айтышты. Мындан тышкары айылдарда калктын санынын өсүшү менен аймактардагы жерлерди трансформациялоо жана турак-жай салуу, медициналык кызмат көрсөтүүдө дарыгерлердин жетишсиздиги сыяктуу маселелер көтөрүлдү.
Эл өкүлү Марат Мураталиев жолугушуулардын негизги максаты, элдин көйгөйү менен жеринен таанышып, аларды чечүүдө тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берерин билдирди.
Депутат Дастанбек Жумабеков дарыгерлердин жетишсиздиги өлкөнүн бардык аймактарында курч экенине токтолуп, бул боюнча саламаттык сактоо министрлиги медиктердин жетишсиздигин жоюу жана медициналык мекемелерге керектүү жабдуулар, сапатуу дары-дармектер менен камсыз кылууга тийиштигин баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда шайлоочуулар эл өкүлдөрүнө буга чейинки аткарган иштерине ыраазычылык билдиришти.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/