Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Мамат Орозбаев дүйнө салды — некролог – ИА Караван Инфо
Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Мамат Орозбаев дүйнө салды — некролог

Кыргызстан эли орду толгус оор  жоготууга учурады.

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Орозбаев Мамат Орозбаевич 2025-жылдын 7-январында 78 жаш курагында каза болду.

Мамат Орозбаев 1946-жылдын 22-октябрында Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында туулган. 1971-жылы Самарканд кооперативдик институтун аяктап, Жалал-Абад кооперативдик техникумунда окутуучу катары ишин баштаган. 1975-1979-жылдары Кара-Суу райондор аралык базасында, 1979-1984-жылдары Жалал-Абад универсалдык соода базасында директор болуп эмгектенген. Андан соң Ош облустук соода башкармалыктарында жана башка мекемелерде жетекчилик кызматтарды аркалаган.

1990-жылы “Легендарлуу парламент” деп аталган Кыргыз ССР Жогорку Советинин 12-чакырылышына депутат болуп шайланып, кийин да эгемен Кыргыз мамлекетининин Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон. 

Көп жылдык жемиштүү эмгеги, калкты тейлөө чөйрөсүндөгү өзгөчө жетишкендиктери үчүн мамлекеттик жана тармактык сыйлыктар менен сыйланган. Андан тышкары КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасын, “Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер”, “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамдарын алган.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Шакиев Н.Т., Азыгалиев Н.А., Исаева Дж.К., Сыдыгалиев Н.О., Абакиров Э.К., Абдибаева А.Н., Ажибаев Ч.И., Айдаралиев Э.Ш., Айдарбеков Ч.А., Айдарова А. А., Айжигитов С.А., Акаев Ж. К., Алиев М. К., Алимбеков Н. К., Алимжанова Н. Я., Алтынбеков А., Атажанов Ы. Ы., Атамбаев С.А., Ашимова Д.А., Бакасов У.Б., Бекешев Д.Д., Бердиев А., Джумабеков Д.А., Жакышов Р.Ш., Зулпуев С.М., Исатбек кызы А., Исираилов А.А., Калпаев Б.А., Кенжебаев А.Б., Кожокулова Г.А., Козуев А.А., Кокулов Э.К., Кубанычбеков И.К., Култаева Г.О., Кыдыкбаев Ж.С., Лурова Л.Х., Мажитова Ш., Малиев А.К., Мамасадыков З.Д., Маматалиев М. А., Мамашова А.Т., Мамытов Т.Т., Марипов Б.А., Масабиров Т.А., Масалиев И.А., Маткеримов А.Т., Молдобекова Г.С., Мураталиев М.М., Нарматова Н.А., Нурбаев Ж.П., Омурзаков С.А., Ормонов У.З., Примов У.Б., Раимбачаева В.К., Рустамбек уулу С., Рысбаев Р.Р., Садырбаева Ж. Э., Саккараев М.Д., Салымбеков Ж.М., Самаков К.К., Самыйкожо М., Сарыбашов Т. Н., Сатыбалдиев Э.Р., Сулайманов К.К., Сулайманов Э.Н., Султанбекова Ч.А., Сурабалдиева Э.Ж., Сыдыков Б.У., Сыдыков М.Ж., Таалайбек кызы Ж., Талиева К.А., Ташиев Ш.К., Таштанбеков А.Д., Темирбаева М.О., Тентишев Б.Э., Токторбаев Ж.Ш., Токтошев Э.Т., Толонов Д.Э., Төлөнов Ч.Т., Турсунбаев А.А., Түлөбаев Б.З., Түмөнбаев А.Т., Тыналиев А.К., Ханджеза К.Л., Чойбеков Б.К., Шабазов Б.В. Эгембердиев А.А., Эрбаев А.Т., Эргешов Б.А.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: