Жоэль Кожо Ирандын «Эстегляль» клубуна өттү
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама команданын чабуулчусу Жоэль Кожо Ирандын «Эстегляль» клубуна өттү.
Аталган клуб Ирандын эң белгилүү футбол клубдарынын бири болуп саналат.
Команда Ирандын футболунун жогорку дивизионунда ойнойт. Учурда клуб 16 команданын катышуусунда өткөн чемпионаттын турнирдик жадыбалынын 8-орунда турат. «Эстегляль» Ирандын 9 жолку чемпиону болуп, Азия чемпиондор лигасын эки жолу жеңген.
Белгилей кетсек, футболчу буга чейин Өзбекстандын «Динамо Самарканд» клубунда ойноп, өткөнкү сезондо анын карамагында 24 беттеш өткөрүп, 8 гол.
Жаңы клуб менен болгон келишим 2+1 системасы менен түзүлдү (дагы бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү бар). Кожо Жоэль 11 номери менен ойнойт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/