Нарын облусунун Жумгал районунда ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү, деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана Нарын облустук мекеме жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардагерлер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.
Белгилей кетсек, имарат заманбап талаптарга жооп берет жана ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттары түзүлгөн.
Жаңы имаратта жарандарды кабыл алуу, укук бузууларды иликтөө, ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү үчүн бардык керектүүлөрү камтылган.
Мындан тышкары, жаңы техникалык жабдуулар коомдук тартипти камсыздоону дагы эффективдүү иштерди жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков бөлүмдүн жаңы имараты жергиликтүү жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча кызматтардын сапатын жакшыртаарын баса белгилеп,
“Жаңы имарат биздин кызматкерлерге ишти сапаттуу жана натыйжалуу жүргүзүүгө зор мүмкүнчүлүк берет. Бул коомдук коопсуздукту камсыздоодо жаңы этаптын башталышы”, – деди министр өз сөзүндө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/