Жумгалда 5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды – ИА Караван Инфо
Жумгалда 5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Нарын областынын Жумгал районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Түгөл-Сай айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө, 0,70га айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке бекитилип берилгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан, укук белгилөөчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндө жергиликтүү сотко доо арыз келтирилип, тийиштүү соттук акты менен толук канааттандырылган.

Аталган соттук актылардын негизинде, райондук прокуратура тарабынан Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын наамына прокурордук акты келтирилип, анын жыйынтыгы менен 5 млн сомдук 0,70га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: