Жумгалда хоккей боюнча райондун XIII республикалык ачык кубогу өттү – ИА Караван Инфо
Жумгалда хоккей боюнча райондун XIII республикалык ачык кубогу өттү

Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында 25-26-январь күндөрү Жумгал районунун XIII республикалык ачык кубогу өттү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, мелдешке 7 команда катышты. Алар:

Финалдык беттеште биринчи орун үчүн “Нарын шумкарлары” командасы жана “Жумгал-Шортон” командасы ат салышты.

Жалпы байге фонду сыйлыктарга жана уюштуруу иштерине 300 миң сомду түздү.

Оюндун жыйынтыгында дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды:

1- орунду камсыздаган “Нарын шумкарлары” (Нарын шаары) командасына Кубок жана 70 миң сом;

2-орун – “Жумгал-Шортон” (Чаек айылы) командасына 45 миң сом;

3-орун – “Миң-Куш” (Миң-Куш айылы) командасына 30 миң сом;

4-орун “Байзак баатыр” (Байзак айылы) командасына 20 миң сом.

Мындан сырткары, “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты коргоочу”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты калыс”, “Мыкты бомбардир” номинациялары боюнча диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: