Жыл башынан бери миңден ашык баңги кылмыштары катталган – ИА Караван Инфо
Жыл башынан бери миңден ашык баңги кылмыштары катталган

Бүгүн, 23-декабрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 31-январындагы № 1842-VII токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду.

Аталган маселе боюнча Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев баяндама жасап, жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чараларга токтолду. Анын айтымында, 2024-жылдын 11 айында ички иштер органдары тарабынан 1087 баңги кылмышы катталган, анын ичинен интернет аркылуу баңгизат каражаттарын таркатуу 144 учуру аныкталган.

Талкуу маалында депутат Медербек Алиев токтомду аткаруу үчүн бардык чараларды көрүү жана жалпысынан бул жааттагы мыйзамдуу талаптардын сакталышын камсыздоо керектигин белгиледи. Муну менен катар эл өкүлү синтетикалык баңгизаттарды колдонуунун көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирип, бул көйгөй менен аеосуз күрөшүү үчүн комплекстүү чараларды көрүү зарыл экенин, анда алдын алуу иштерине өзгөчө көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.

Депутат Илимбек Кубанычбеков жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, баңгизатка каршы активдүү үгүт жүргүзүүнү сунуштады. Депутат Айбек Маткеримов психотроптук дары-дармектерди жайылтууга каршы күрөшүү боюнча жооптуу мамлекеттик органдардын иши жетишсиз экендигин айтып, сынга алды.

Жыйынтыгында комитет токтомдун аткарылышын канааттандырарлык эмес деп таап, тийиштүү мамлекеттик органдарга токтомдун ченемдерин аткаруу боюнча чараларды күчөтүүнү сунуштады.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: