Жылкы жана эт өндүрүү боюнча чемпиондордун аты-жөнү белгилүү болду – ИА Караван Инфо
Жылкы жана эт өндүрүү боюнча чемпиондордун аты-жөнү белгилүү болду

Жылкы жана эт өндүрүү боюнча чемпиондор аныкталды, деп билдирет Айыл чарба министрлиги.

Маалыматка ылайык, алар Айбек Сатиев менен Жеңиш Норузбаев.

Айбек Сатиев 2014-жылдан бери таза кандуу жылкыларды багып келет. Бүгүнкү күндө анын сарайында асыл тукум 35 баш бээ, таза кандуу 5 баш айгыры бар. Айбек таптаган көрүнүктүү айгырлардын бири атактуу “Искендер”. Ал 2018-жылдан бери Борбор Азия боюнча эң чоң жылкы болуп аталып, эл аралык деңгээлде өткөн ат оюндарында алдыңкы орундарды алып, баш байгени бербей келет. Ал эми “Али-Баба” аттуу айгыры да 2018-жылдан бери Казахстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда болуп өткөн ат оюндарында алдыңкы орундарды ээлеп келүүдө.

Жеңиш Норузбаев болсо, 33 жылдан бери эт багытындагы уйларды багат. Учурда анын 60 баш “Головей” жана 50 баш “Герефорд” эт багытындагы уйу бар. Былтыр ал 1 жаштагы букалардан 300 кг чейин таза эт алган. Жеңиш мырза 2002-жылы “Ак сарай” дыйкан чарбасын түзүп, эт багытындагы малдарды өстүрүп, киреше табуунун жакшы өздөштүргөн. Бүгүнкү күндө  “Ак-Сарай” – асыл тукум уй чарба статусун алып, фермерлерди сапаттуу мал менен камсыз кылууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: