Зордукталган майып кыздын ишин Башкы прокурор жеке көзөмөлүнө алды – ИА Караван Инфо
Зордукталган майып кыздын ишин Башкы прокурор жеке көзөмөлүнө алды

Бүгүн, 2024-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.Асаналиев Ысык-Көл областына болгон иш сапарынын алкагында, Каракол шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, арыз-кайрылууларын жеринде кабыл алды.

Жарандар негизинен укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү, тергөө иштеринин жүрүшү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жана балдардын укуктарын коргоо, түрдүү социалдык көйгөйлөр жана мыйзам бузуулар тууралуу кайрылууларды жолдошту. М.Асаналиев ар бир арыз мыйзам чегинде тыкыр каралып, кыска аралыктын ичинде тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

Мындан сырткары, Башкы прокурор М.Асаналиев жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылып келген мүмкүнчүлүгү чектелген кызды уурдоо жана зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин жүрүшү менен таанышып, жабырлануучунун энеси К.Т. жана анын өкүлүн жеке кабыл алды. Жолугушууда кыздын энеси бул кылмышка тиешеси бар адамдардын жоопкерчиликке тартылбай жатканына нааразычылык билдирип, мыйзам калыстыгын сурады. Башкы прокурор бул ишти аягына чейин жеке көзөмөлүндө алып, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде сөзсүз жоопко тартыларын убадалады.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: