Урматтуу шаар тургундары, борбор калаанын коноктору! Жол тыгынын болтурбоо үчүн жеке унаанын ордуна коомдук транспортту колдонуңуз.
Эскерте кетсек, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча координациялык комиссияда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев 31-августтан тарта унаалардын жүрүүсүнө чектөөлөр кайсы жерде киргизиле турганын айтты.
Ошентип, төмөнкү көчөлөргө чектөөлөр киргизилет:
— Чүй проспектиси Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
— Фрунзе көчөсү Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
— Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
— жана жарым-жартылай Ибраимов көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.
Мындан тышкары, Ч.Айтматов жана Манас проспектилери менен Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет.