Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Башкы директорунун жардамчысы Марко Алеман менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин жана аны өнүктүрүүнүн мындан аркы пландарын талкуулашты.

А.Жапаров белгилегендей, интеллектуалдык менчиктин, инновациялардын жана чыгармачылыктын эффективдүү экосистемасынын калыптанышы Кыргызстандын стратегиялык өнүгүүсүнүн негизги элементине айланып баратат.
«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын алдында татаал жана ошол эле учурда жооптуу милдет турат – улуттук экономиканы сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу, өнүгүүнүн инновациялык жолуна өтүү. Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик рыногун калыптандыруу процесси өзүнүн өнүгүүсүнүн баштапкы этабында турат жана мамлекеттик институттардан да, эл аралык уюмдардан да, коомдук структуралардан да ар тараптуу колдоону талап кылат», — деди Акылбек Жапаров.
Өз кезегинде М.Алеман Кыргызстанда интеллектуалдык менчик жаатында олуттуу жылыш бар экенин белгиледи. Атап айтканда, чиновник бул жаатта мыйзамдык базанын өркүндөтүлүп, 5 жаңы мыйзам кабыл алынганын белгиледи.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты