Кыргыздын “Манас” эпосу жөнүндө чет элдик журналдарда жана интернет басылмаларда жазылган — ИА Караван Инфо
Кыргыздын “Манас” эпосу жөнүндө чет элдик журналдарда жана интернет басылмаларда жазылган

Кыргызстандын президентинин “Манас” эпосунун үчилтигин эл аралык аренада жайылтуу жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруунун алкагында бир катар чет элдик журналдар жана интернет басылмалар бул маанилүү маданий ишке өз беттерин арнашкан. “Кыргызстандын маданий күчү: “Манас” эпосу англис, француз жана түрк тилдеринде” деп аталган макалалар окурмандарга “Манас” эпосунда чагылдырылган кыргыз элинин бай тарыхы тууралуу маалымат берди.

Макалаларды тарыхчы жана экология боюнча эксперт, Брюсселдеги Эркин университеттин Айлана-чөйрөнү башкаруу жана жерди пайдаланууну пландаштыруу институтунун илимдер кандидаты Дейра Сойсал жазган. Эксперт дүйнөлүк эпикалык адабияттагы эң көлөмдүү жана мазмундуу чыгармалардын бири катары саналган бул эпостун маанисине жана өзгөчөлүгүнө токтолду.

“Манас” эпосу түрүндө берилген Кыргызстандын маданий мурастарына болгон кызыгуу жергиликтүү жана чет элдик көрүүчүлөр тарабынан колдоого алынып, бул уникалдуу чыгарманы дүйнөлүк масштабда таанытууга жана түшүнүүгө өбөлгө түзөт.

Сүрөт: АКИpress

error: