2024-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетинин башчысы Эрдал Бесикчиоглу жана Анкара шаарынын Чанкая муниципалитетинин башчысы Хусейин Жан Гүнер менен жолугушту.

Элчи эки муниципалитеттин башчыларын жаңы кызматтарга дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык мындан ары да бекемделерине ишеним билдирди.
Тараптар эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты жана ошондой эле Нарын шаарлары менен Этимесгут муниципалитетинин, ошондой эле Чанкая муниципалитетинин ортосундагы боордоштук мамилелерди кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Чанкая муниципалитетинин башчысы Хусейн Жан Гунер менен жолугушууда Чанкая муниципалитети менен Кыргызстандын шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү пландары, ошондой эле түрдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү пландары талкууланды.
Муниципалитеттин башчысы Хусейн Жан Гунер Чанкая аймагында жашаган кыргызстандыктарга жана студенттерге жардам көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бир катар маданий иш-чараларды биргелешип уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.
Бул иш-чаралар Этимесгут жана Чанкая муниципалитеттеринин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Сүрөттө: Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги