27-майда Бишкекте Жогорку Кеңештин Бюджет комитети Кыргызстандагы уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүүгө багытталган мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаев уранды казууга азыркы тыюу салуу башка сейрек кездешүүчү металлдардын алынышына жолтоо болуп жатат деген оюн билдирди. Дүйнөлүк рынокто суроо-талап жогору болгон 83 пайдалуу кендерди иштетүүгө мүмкүндүк берүүчү тыюуну алып салуу пландалууда.

Өзгөчө көңүл Кызыл-Омпол кенине бурулуп, ал жерде титаномагнетиттин олуттуу запастары ачылган. Жаратылыш ресурстары министрлигинин башчысынын айтымында, бул кендеги иштерди экологиялык маселелерге өзгөчө көңүл буруп, мамлекеттик ишканалар жүргүзөт. Божомолдор боюнча, бул кенди иштетүү 1000ге чейин адамды иш менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүп, биринчи этапта бюджетке 150 миллион доллар киреше түшмөкчү. Процесстин экологиялык жактан таза болушуна жана аймакты зыяндуу металлдардан тазалоого басым жасоо менен ишти төрт этап менен жүргүзүү пландалууда.
Министр М.Тургунбаевдин айтымында, Кызыл-Омпол кенинде урандын запасы 3,5 тонна жана Таш-Булак кенинде 10 тонна деп бааланган, бул кендерден сейрек кездешүүчү металлдарды казып алуу, Кыргызстанды дүйнөлүк минералдык ресурстар рыногунда жылдыруу үчүн негиз болот.