Кыргызстандын өкмөтү транспорт тармагын модернизациялоо менен активдүү алектенүүдө. Атап айтканда, өлкөнүн автобус паркын өнүктүрүү пландалууда. Алсак, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2024-жылы жана келерки 2025-2026-жылдарга Бишкек шаарынын мэриясына автобустарды сатып алууга 4,3 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн. Ошондой эле, 2023-жылы Бишкек шаарына 1000 автобус сатып алуу үчүн 4,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
2024-жылы Ош шаарына автобус паркын жаңыртуу үчүн 262,1 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, 100 жаңы автобус сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал эми Жалал-Абад шаардык мэриясына автобустарды сатып алуу үчүн 100 миллион сом жана Нарын шаардык мэриясына 66 миллион сом бюджеттик ссудалар бөлүнгөн.
Бул демилгени ишке ашырууда эл аралык институттар тарабынан да реалдуу колдоо бар. Тактап айтсак, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен түзүлгөн келишимге ылайык, борбор калаанын автопаркына автобустарды сатып алууга 25 миллион евро бөлүнгөн. Ошондой эле, «Бишкек автобустары» долбоорунун алкагында «Жашыл шаарлар 2» алкактык программасынын алкагында ЕРӨБ каржылоосу аркылуу газ менен жүрүүчү 124 автобустар алынып келинди. Быйыл бул типтеги дагы 70ке жакын автобус келээри күтүлүүдө.