Кыргызстандын өкмөтү 2024-жылга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планын кабыл алды — ИА Караван Инфо
Кыргызстандын өкмөтү 2024-жылга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынын өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө 20 маселе каралды, анын ичинде республиканын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү.

Жыйындын жыйынтыгында 2024-жылга карата мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планы бекитилди, анда ар кыл багыттагы 40 долбоор камтылган.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын жана Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын каржылоонун тартиби жөнүндө чечим кабыл алынды.

Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуунун алкагында министрлер кабинетинин мүчөлөрү 2022-жылдын 28-январындагы «Инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларды колдоо тартибин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 32 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» долбоорду бир добуштан колдошту.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен пикир келишпестиктерди жоюуда инвесторлорго жардам көрсөтүү жана колдоо механизмин өркүндөтүү күтүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаевага борбор калаанын автобекеттеринде калкты мобилдүү тейлөө борборлорун уюштурууну, тиешелүү министрликтердин жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди, министрлер кабинетинин кезектеги жыйынына лыжа кластерин ишке ашыруу боюнча долбоорду, ал эми Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевге, курулуп жаткан коп кабаттуу турак уйлөрдун биринчи кабаттарында балдар бакчаларын уюштурууну.

error: