Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги дыйкандарды пиязды баалар турукташканга чейин кампаларда сактоого чакырат — ИА Караван Инфо
Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги дыйкандарды пиязды баалар турукташканга чейин кампаларда сактоого чакырат

Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги дыйкандарга пияздын жаңы түшүмүн баалар турукташканга чейин кампаларда сактоону сунуштайт. Бул тууралуу 28-майда ведомстводон билдиришти.

Министрликтин маалыматына караганда, акыркы күндөрү ЕврАзЭСтин айрым өлкөлөрүндө, ошондой эле коңшу өлкөлөрдө пияздын баасы кескин арзандады. Бул өлкөлөрдө пияздын баасы минималдуу деңгээлге жеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, бул өлкөлөрдө пиязга суроо-талаптын жоктугунан бул продуктулар калкка бекер таратылып, анын бирден бир себеби бул өсүмдүктүн ашыкча өндүрүлүүсү.

Мындай кырдаалга байланыштуу Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда дагы ушундай кырдаалды болтурбоо үчүн дыйкандарга пияздын жаңы түшүмүн баалар турукташканга чейин кампаларда сактоону сунуштайт.

Бул маселе боюнча иш-аракеттерди координациялоо үчүн министрликтин алдында Координациялык кеңеш түзүлүп, ал айыл чарба продукцияларына туруктуу бааларды кармап туруу жана дыйкандарга тиешелүү жардам көрсөтүү боюнча иш алып барат.

error: