Кыргызстандын Энергетика министрлиги кореялык K-Water компаниясы менен Меморандумга кол койду — ИА Караван Инфо
Кыргызстандын Энергетика министрлиги кореялык K-Water компаниясы менен Меморандумга кол койду

Өткөн жумада Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кореянын Суу ресурстары корпорациясы («K-Water») менен парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол койду.

Документке КР Энергетика министринин орун басары Байгазиев Талайбек жана K-Water компаниясынын башкы директору Юн Сог Дэ кол коюшту.

Министрликтин расмий сайтында жарыяланган маалыматка караганда, кол коюлган документтин негизги максаты — энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча эл аралык долбоорлорду чалгындоо жана өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты камсыздоо жана прогресске көмөк көрсөтүү.

error: