Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты.

Атап айтканда, министрлер кабинетинин башчысы Чолпон-Ата шаарындагы суу алгычтын ачылыш аземине катышты.
«Президенттин жана министрлер кабинетинин атынан сиздерди Чолпон-Ата шаарынын суу менен камсыздоо тутумунун реабилитацияланышы жана ишке кириши менен куттуктайбыз. Бул тазалоочу жай 1986-жылы ишке берилген, 40 жылга жакын убакыттан бери эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлбөгөнүн жакшы билесиз. Жаңыланган система калкты таза суу менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Чолпон-Ата биздин негизги туристтик борбор, андыктан инженердик жана инфраструктуралык системалар үзгүлтүксүз иштеши керек», — деп белгиледи А.Жапаров.
Жалпысынан Ысык-Көл облусунда 2023-жылы 786 млн сомдон ашык суммага 70 объект каржыланып, 27 объектиге таза суу берүү аяктады: 16 мектеп, 2 бала бакча, маданият үйү, 2 оорукана, 6 объект. Ошондой эле Каракол шаарына да 2 млрд. сом бөлунгөн.
Кара-Ой жана Бостери шаарларында канализация системасын жана насостук станцияларды, ошондой эле Чолпон-Ата шаарында жаңы заманбап саркынды сууларды тазалоочу станцияларды куруу пландалууда.
Чолпон-Ата шаарында туризмди өнүктүрүү үчүн көл жээгинде 15 км узундуктагы жөө жүргүнчүлөр жана велосипед жолдору бар инфраструктураны түзүү пландаштырылууда. «Чолпон Кыз» аянтын реконструкциялоо, ачык асман алдындагы петроглифтер музейин түзүү, А.Осмонов жана «Жеңиш» атындагы сейил бактарды куруу пландалууда.
А.Жапаров канализациясы реконструкциялангандан кийин башталышы керек болгон Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолун реконструкциялоо долбоору менен таанышып, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында жайгашкан «Агро-Куш» канаттуулар фабрикасына да барды, ал өнөр жайлык масштабда бакма канаттуулардын продуктыларын чыгарат. 2023-жылы ишкана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө Мамлекеттик өнүктүрүү банкынан жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан каражат алган.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайты