Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Татарстандын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү — ИА Караван Инфо
Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Татарстандын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Адылбек Касымалиев “Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum” Эл аралык экономикалык форумунун алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Марат Хуснуллин жана Татарстан Республикасынын Раис (Жетекчиси) Рустам Минниханов менен жолугушту.

А.Касымалиев Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы союздук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү белгиледи.

«Биз жашоонун дээрлик бардык чөйрөлөрүндө активдүү өз ара аракеттенип жатабыз, соода жана инвестициялык кызматташуу ишенимдүү өнүгүп жатат… бул форум мамлекеттик бийлик органдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, парламентарийлерди, дипломаттарды, руханий лидерлерди гана эмес, инвесторлорду, финансисттерди, ишкерлерди жана өндүрүүчүлөрду чогулткан… Иш-чаранын алкагында мамлекеттер аралык жана аймактар ​​аралык деңгээлдеги биргелешкен долбоорлордун келечегин талкуулоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда», — деп белгиледи Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.

Марат Хуснуллин өз кезегинде Кыргызстан Орусиянын жакын стратегиялык өнөктөшү экенин белгиледи. Транспорт, энергетика, маданият, билим берүү жана инвестиция тармактарында кызматташуу белгиленди.

Рустам Минниханов ошондой эле Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы тыгыз мамиле чыңдалып жатканын баса белгиледи.

«Биз үчүн Кыргызстан бир тууган республика. Бизде соода-экономикалык чөйрөдө гана эмес, илимдер академиялары аркылуу кадрларды даярдоо, илим, маданият, билим берүү тармагында да мамилелерди өнүктүрүү үчүн эбегейсиз потенциал бар», — деп белгиледи Р.Минниханов.

Сүрөттө: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы

error: