Кыргызстандын Президенти «Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы» ААКтын жаңы башкы директорун дайындоо чечимин жокко чыгарды
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, Игорь Чудиновду «Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы» ААКтын башкы директорлугуна дайындоо жөнүндө буйрук жокко чыгарылды. Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин И.Чудиновдун кызматка дайындалышына расмий макулдук берген буйругун президент Садыр Жапаров чакыртып алды.

Ошол эле маалда энергетика министрине кызматка дайындоо боюнча чечим мамлекет башчы менен макулдашылбаганы үчүн сөгүш жарыяланды.
Жаңы чечимдин негизинде башкы адис Равшанбек Касымов «Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы» ААКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп убактылуу дайындалды.