Кыргызстандын тышкы иштер министри Малайзиянын премьер-министри менен жолугушту — ИА Караван Инфо
Кыргызстандын тышкы иштер министри Малайзиянын премьер-министри менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Малайзияга болгон иш сапарынын алкагында өлкөнүн Премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушту.

Ж.Кулубаев Малайзия Кыргызстандын түштүк-чыгыш багытындагы тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгилеп, ошондой эле Кыргызстандын Малайзия менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташуусун кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Жолугушууда талкууланган маселелердин арасында билим берүү, халал индустриясы жана инвестиция жаатындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелери бар. Тараптар эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун Кыргызстанга келип кетүүгө чакыруусун тапшырды, Премьер-министр А.Ибрахим аны ыраазычылык менен кабыл алды.

error: