Кыргызстанга ЖККУга мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү келишти — ИА Караван Инфо
Кыргызстанга ЖККУга мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү келишти

ЖККУга мүчө-мамлекеттердин — Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын парламенттеринин өкүлдөрү ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын (ПА) кеңешине караштуу ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин (комиссияларынын) төрагаларынын Координациялык кеңешмесине катышуу үчүн Бишкек шаарына келишти.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 10-сентябрда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл коюшту.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште ЖККУ ПА кеңешине караштуу ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин (комиссияларынын) төрагаларынын Координациялык кеңешмесинин жыйыны болот.

11-сентябрда Координациялык кеңешменин мүчөлөрү Балыкчы шаарында өтүүчү ЖККУнун «Өз ара аракеттенүү — 2024» биргелешкен командалык штабдык машыгуусуна байкоочу катары катышат.

error: