Билим берүү жана илим министрлиги «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борборун түзүүдө. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейинки билим алууга тартылат.
Долбоор жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталган имараттарды, бөлмөлөрдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен санитардык-гигиеналык шарттарды түзөт. Заманбап бакча үчүн керектүү болгон бардык жабдыктар, куралдар менен камсыздайт: килем, оюнчук, эмерек, балдар үчүн өнүктүрүү куралдары, балдар аянтчасы, тарбиячылар үчүн колдонмолор.
Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.