МАГАТЭнин башчысы Орусия менен Украинага барууга ниеттенүүдө
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башкы директору Рафаэль Гросси БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан кийин Орусия жана Украинага дагы бир сапар планын жарыялады. МАГАТЭнин башчысы даталар азырынча белгилене электигин, бирок жакынкы аралыкта иш сапарларды жасоого үмүттөнөрүн белгиледи.

Р.Гросси белгилегендей, МАГАТЭ уникалдуу түзүм, анын аркасында Орусия менен да, Украина менен да байланышты сактап калууга болот.
Буга чейин, 2024-жылдын 6-мартында Сочиде агенттиктин башкы директорунун Владимир Путин менен расмий жолугушуусу болгон.