Жолугушууда Бакыт Төрөбаев ассоциация өкүлдөрүнө алдыга койгон максаттарын, багыттарын жана милдеттерин колдоого алып, кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Министрлик Агроөнөр жай комплексинин ассоциацияларынын бирикмеси менен төмөндөгү шартта гана кызматташууга даяр:
– республиканын айыл жергесинде өлкөнүн 65 пайызга жакын калкы жашагандыктан, агрардык багытта өз ишмердигин жүргүзгөн карапайым дыйкандарды колдоп, тыгыз иштешүү;
– айыл чарба продукцияларын өндүргөн жарандардын кирешелерин көтөрүүнү ар тараптан колдоого алуу;
– айыл чарба өндүрүшүн уюштуруу, өндүрүлгөн продукцияны дыйкандардан сатып алуу, кайра иштетүү, экспорттоо маселелерин жолго коюу;
– элеттеги таза суу жана ирригация көйгөйлөрүнүн чечүүгө көмөк көрсөтүү;
– “Бир райондо – бир продукция” деген адистештирүү программасын жайылтуу;
– жаңы инновациялык технологияларды киригизип, асыл-тукум мал чарба, үрөнчүлүк тармактарына Мамлекеттик Инвестициялар Программалары, жеке-өнөктөштүк жана жеке инвестицияларын тартууга;
– ар бир айылда айыл чарба тармагынын бардык багыттары боюнча алдыңкы ишкерлери – “чемпиондорду” даярдап, өстүрүп, чемпиондор менен бирдикте айылдын калкын алдыга ээрчитип кетүү.