Минск шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү — ИА Караван Инфо
Минск шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү

Өткөн жумада Минск шаарында (Беларусь) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны болуп өттү. Казакстандан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу баштаган делегация келди.

Жолугушууда тараптар аймактык жана эл аралык абалдын актуалдуу маселелерин талкуулап, КМШ алкагында мындан аркы кызматташуунун келечегине баа беришти.

Ошондой эле уюмдун ишинин маселелери каралды, катышуучулар тышкы саясат ведомстволорунун ортосундагы өнөктөштүктү арттыруу боюнча иш-аракеттер программасын ишке ашыруунун жүрүшүн изилдеп чыгышты жана Шериктештиктин өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн делегациялардын укуктук статусу жөнүндө Конвенцияны жактырышты.

Жыйындын жыйынтыгында Алматыны 2026-жылы КМШнын спорт борбору деп жарыялоо боюнча чечимге кол коюлду.

Сүрөт: КМШ Аткаруу комитетинин сайты

error: